Ассоль Молдокматова: Алексейдин тезирээк сакайышын тилеп дуба кылып коюңуздар!

9 сентябрь 2021 12:12 1891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Алексей Филатов Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында оор абалда жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Достор! Менин шакиртим, алып баруучу Алексей Филатов коронавирус менен ооруп реанимацияга жаткырылды, ИВЛ аппаратына туташтырылды, сатурациясы 89. Абалы өтө оор.

Баарыңыздардан анын сакайып кетишин тилеп дуба кылып коюну өтүнөм!”,-деп жазды Ассоль айым.

Эскерте кетсек, Алексей Филатов шоумен, проюссер, көптөгөн теле долбоорлордун алып баруучусу катары белгилүү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldokmatova-aleksejdin-tezireek-sakajyshyn-tilep-duba-kylyp-koyuuzdar



Добавить комментарий