Рамзан Кадыров карылар үйүндөгү Данганы алып кетүү үчүн Бишкекке учак жиберди

18 июнь 2020 16:02 4061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Рамзан Кадыров Данганы алып кетүү үчүн Бишкекке учак жиберди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Молдокматованын жарыялаган тасмасынан кийин Данга карыя Чечен Республикасынын президентинин жардамы менен 10 жылдан кийин өз үй-бүлөсүн тапты.

“Эртең таңда Данга экөөбүз анын мекенине учабыз. Учакты Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров өзү жалдап берди. Кандай гана бакыт, 81-жашында үй-бүлөсү менен биригет”, - деп жазган ал.

Өз учурунда көзүнө жаш алып мекенине кетүүгө камынган Данга карыя кыргыз элинин колдоосу үчүн ыраазычылыгын айттып, кубанды.


Эскерте кетсек, Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кайрымдуулук кылып карылар үйүнө барган. Анда чечен улутундагы Данга карыясы менен таанышып, ал тууралуу маалымат алган. Данга тууралуу видео тартып, Чечен президентип белгилеп пост жазган, 2 күндө кубанычтуу кабар келди.


Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrov-dangany-alyp-ket-chn-bishkekke-uchak-zhiberdi



Добавить комментарий