Психологиялык тест: Жашооңуздун кайсы баскычында турасыз?

30 июль 2021 16:09 5017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сиз үчүн barometr.kg дагы бир кызыктуу психологиялык тестти сунуштайт. Андан өтүп учурда жашооңуздун кайсы этабында турганыңызды билип алсаңыз болот. Бул үчүн жайланышып отуруп сүрөттү карап, биринчи эле караганда сизге жаккан картинаны тандап аласыз! Жообу төмөндө.

1-картина

Жашооңузда учурда тынчтыкты жана эркиндикти көздөп жатасыз. Акыркы учурларда көп стресске кабылткан окуялар болсо керек. Эс алууга ушунчалык муктаж болуп турасыз. Аягы бүтпөгөн окуялардан бир убакыт таап өзүңүзгө убакыт бөлүп, эс алыңыз. Сизге кубаныч тартуулай турган нерсени жасаңыз.Бул сизге жаңы бийиктиктерди багындырганга күч-кубат бермекчи.

2-картина

Эгерде сиз бул картинаны тандап алган болсоңуз болочокко ишенимдүү караган оптимист адамсыз. Айланадагы адамдар сиздин  аракетиңизди көрүп жардамга кол сунушууда. Бул картина ийгиликти түшүндүрөт жана алдыда сизди дагы да ийгилик гана күтүп турат. Кайсы тармакта болбосун туура талдап иш кылсаңыз, жашооңузда кылган аракеттериңиз оң жыйынтык берет.

3-картина

Сиз баардык тарабынан шайма-шай, гармонияда болууга умтулуп жатасыз. Баарын реалдуу караган адамсыз, ошондуктан жагдайга адекваттуу баа бере аласыз. Адамдар кандай болсо дал ошондой кабыл аласыз. Алардын артыкчылык дагы, жетишсиз жактарын дагы даана көрүп турасыз. Ишке пайда бере турган жаңы тааныштарды таап,  сизди кызыктырган тармакта аракетте болуп жаткан убагыңыз.

4-картина

Сиз өз интуицияңызга ишенгенди үйрөндүңүз. Аны жашооңуздун баардык тармактарына пайдаланганды билип жатасыз. Жана бул сезим сизди көп учурда ийгиликке жеткирүүдө. Чыныгы диний, руханий билим алууга аракет кылып жатасыз жана бул суроолорго жооп издеп жүргөн убагыңыз.

5-картина

Азыр эс алууга, өзүңүздү кубандырууга аракет кылган баскычта турасыз. Балким акыркы учурларда көбүрөөк тынчсызданып, кабатыр болдуңуз же бирөөдөн көңүлүңүз калды. Жакын адамдарыңызга көңүл бөлүп, үй-бүлө, достор менен эс алууну унупаңыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/psihologiyalyk-test-zhashoouzdun-kajsy-baskychynda-turasyz



Добавить комментарий