Психология: Жаман адамдардын 8 өзгөчөлүгү

8 февраль 2022 11:17 10848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаман адам деген ким? Ал-моралдык принциптери анча жогорку эмес адам. Мындай киши бут тосуп, артыңыздан сүйлөп, жамандык кылат. Бүгүн Barometr.kg психологдун начар адамдардын кылаар 8 аракети тууралуу айткандарын бөлүшөт.

Биздин айланабызда ар түрдүү адамдар бар, алардын арасында начар, зыян кыла тургандары дагы жок эмес. Мындай адам акыры билине турганы анык. Бирок бир нече жоруктары менен фактыларга карап адамга алдына ала баа берсеңиз болот.

1. Майда-чүйдөгө чейин соодалашат

Мындай адам жашоодо “мага эмне кылып бере аласың, пайдаң тиеби же жокпу?” деген гана принципти карманат. Же байкуш болуп, же кыйын адам болуп көрүнүп сиздин жапакечтигиңизден пайдаланат өз көздөгөнүн ишке ашырып кетсе ошого маашырланат. Анын түпкү максаты - сизди пайдалануу.

2. Кооздоп сүйлөп, ооз көптүрөт  

Калп айтып кооздоп сүйлөп, өзүн көтөрмөлөйт, мактанат жана болбогон ишти болду деп айтканды жакшы көрөт.

3.  Башкалардын эмгегин сыйлабайт  

Башкалардын эмгегин сыйлабайт. Мисалы ишке кечигет жана  бул үчүн кечирим да сурбайт. Башка бирөөнүн буюмун сурабай колдонот. Өзүнүн жеке маселелерин айта берип жанындагыларды чыңалган абалга алып келет. 

4. Жоопкерчиликтен качып кетет  

Кандай жагдай болбосун өзүнө жоопкерчилик албай, башкаларды күнөөлөп жагдайдан чыгып кеткенге аракет кылат.

5. Мактанып эл көрсүн деп иш кылат

Көп мактанат, мактангандын эмеси жаман дээрсиз? Бирок мындай адам кылган иши жок эле мактана берет.

6. Көрө албайт

Башка адамдардын ийгиликтери менен бактылуу болгонун көрө албай, аларга бут тосконду жакшы көрөт. Эгерде бирөөгө жакшы болуп жатканын көрсө ичи күйүп турат.

7. Бетиңизге айта албай артыңыздан көп айың кеп таратат  

Баардыгын акырын кылып, интрига уюштурганды жакшы көрөт. Тымызын жамандык кылганга маашырланат.

8. Баардык нерседен жамандык издейт   

Баардык адамдарды жаман деп ойлойт, алардын кылган ишинен жаман гана мотивдерди көрөт, мүнөздөрүн билип-билбей туруп жамандайт. Анткени элдин баарын өзүндөй деп ойлойт.

Эгер кокус ушундай адамдар менен бет келишсеңиз мамилени үзгөнгө колдон келишинче аракет кылыңыз! Акыры бир күнү анын кылтагына илинип зыян тартышыңыз толук мүмкүн!

 

Ссылка: https://barometr.kg/psihologiya-zhaman-adamdardyn-8-zgchlg



Добавить комментарий