Психология: Адамды макул кылыш үчүн колдоно турган эч жерде айтылбаган 5 ыкма

3 июль 2021 13:23 5398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмне үчүн кээ бир адамдар башкалар менен тил табышууда көбүрөөк артыкчылыкка ээ болот билесизби? Алар психологиялык бир нече “амалкөй” ыкмаларды өздөрү билип-билбей колдонгонду мыкты өздөштүрүшкөн. Бүгүн Barometr.kg психологдор колдонгон мындай ыкмалардын бир нечесин сизге сунуштайт. Кааласаңыз айрым керек учурда колдонсоңуз болот.

1-ыкма. Эгерде сизди башка бирөөлөр олуттуу адам катары кабыл алсын десеңиз сүйлөшүү маалында алдыртан айткан сөзүңүздү баштарда “менин атам же апам ушинтип айтат же айтчу эле” деген фразаны кошуп коюңуз. Баардык адамдар интуициялык жактан ата-эненин айткан кеңешине ишенет.

2-ыкма. Сиз бирөөнү макул кылып жатканда же бир ишти сунуштап жаткан учурда акырын баш ийкеп койсоңуз, адам көп учурда сиздин айтканыңызга макул болот. Дененин сүйлөшүү тили адамдарды биринчи макул кыларын унутпаңыз!

3-ыкма. Жылуулук адамдар менен тил табышуудан ачык айкындыкты билдирет. Кол алышууда жылуу алакан оң таасирлерди калтырарын психологдор изилдеп чыгышкан. Эгер колуңуз муздак болсо жылытып алыңыз, муну албетте тердеген алакан менен алмаштырбоо керек. Ошондой эле “сени меенн кездешкеним, көргөнүм же жолуктурганым жакшы болду” деген фраза дагы адамдардын арасын билинбей жакындатат.

4-ыкма.Адамдар идеалдуу адамдарды жактыра беришпейт. Мындай кишилер жасалмадай туюлат. Ошондуктан сүйлөшүү маалында кез-кезде алсыз жактарыңызды бир аз көрсөтүп коюга аракет кылыңыз. Албетте көп эмес.

5-ыкма. Сүйлөшүп жатканда адам сизге бой көтөрүп, текербердик кыла баштаса анын көзүн карап, анан акырын бут кийимин карап коюңуз, андан соң кайра көзүн тиктеңиз. Ал интуициялык жактан сиздин сынап жатканыңызды сезет жана өзүнө карата ишеними тайыйт.

Бизнес менен жашоодогу мыкты ыкмаларды өздөштүрсөңүз көп ийгилик сизге жылмаят.

 

Ссылка: https://barometr.kg/psihologiya-adamdy-makul-kylysh-chn-koldono-turgan-ech-zherde-ajtylbagan-5-ykma



Добавить комментарий