Психолог: Жубайлардын төшөктөгү мамилеси жакшы болсо калганынан кам санабасын!
Жашоодо татынакай кыз менен өңү серт жигитти же болбосо өңү анча эмес кыз менен келбеттүү жигиттин ысык-ынак жубай болуп жүргөнүн көрдүңүз беле? Албетте ооба дейсиз. Башыңызда бир суроо туулат “Эмне үчүн ушул кызды же жигитти тандады экен?” деп. Анан ойлоносуз аларды эмне бириктирип турат болду экен деп. Бул суроого barometr.kg психологдон жооп алды.
“Айрым жубайлар үй-бүлө курганда жалпы кызыкчылыктар, табиттер бир болушу керек деп ойлошот. Балалуу болушубуз керек дешет.Кыздар күйөөгө чыгып бала төрөшүм керек дешет. Анан никеге турушат. Бир жылдан соң ажырашат. Же болбосо бир нече жылдан соң сүйүү үч бурчутугу пайда болуп алардын жашоосуна көңүлдөш деген үчүнчү бир адам кошулат.
Айрым аялдар интим маселеси боюнча эч качан демилге көтөрбөйт. Ал эми күйөөсү аны аялы каалайбы же жокпу деп баш катырат.Кептин ачыгын айтканда мындай учурда каалабайт жана сүйбөйт деген эле ой эркектин башына келет. Ачык эле ага кылыктанган аялды табат да көңүлдөш күтөт.Секс жубайлардын жашоосундагы эң маанилүү бөлүк. Болгону өспүрүмдөр гана көзү бакырайган классташ кызды сүйүп калып анын туруш-турпатын жакшы көрүшү мүмкүн.Мындай сезимдерде сексуалдык фантазия жок. Эркек бала чоңойгон сайын сүйүү менен фантазиясы аралашып кетет. “Аялым менен бир туугандай элемин, бирок аны менен төшөктү каалабайм” дегендер көп келишет.
Албетте сиздерге бир тасманы чогуу көргөн же бир жерде чогуу отурган кызыкдыр. Бирок илимий изилдегенге бир фактыны белгилеп кетүү керек. Сексте мамилеси жакшы болгон жубайлар башка маанилүү, терең жана негизги нерселерде бири-бирине толук шайкеш келип, бири-бирине макул болуп турушат.Бул жубайлардагы эң маанилүү нерсе. Ошондуктан ажырашууга такалбаш үчүн төшөк мамилесин ар дайым жакшы тонуста кармоо керек”,-деп сөзүн жыйынтыктады маектеш.
Ссылка: https://barometr.kg/psiholog-zhubajlardyn-tshktg-mamilesi-zhakshy-bolso-kalganynan-kam-sanabasyn
Добавить комментарий ×