Психикалык жана эмоционалдык жактан саламаттыгы чың деп кандай адам эсептелет?

2 сентябрь 2021 16:36 2936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Психикалык жана эмоционалдык жактан саламаттыгы жайында деп кандай адам эсептелет? Америкалык психолог Нэнси Мак-Вильямс көптөгөн илимий эмгектердин автору. Ал психолог болуп иштеген өзүнүн 60 жылдык эмгек практикасында психикалык жана эмоционалдык жактан адамда баары жайында экенин көрсөтө турган 16 пунктту белгилеген.Төмөндө barometr.kg аларды сизге сунуштайт.

1.Адамдарды жактырууну, сүйгөндү билүү жана алар менен мамиле кура билүү.   

2. Иштөөгө жана жаңы нерсени ойлоп таап, ишке ашырууга потенциалы бар болуу. 

3.Сөздөрдү колдоно алуу, сөз айкашытары менен метафораларды түзүү, юморду түшүнүү жана өз орду менен тамашалашканды билүү.

4. Өз алдында же автономдуу болууга толук мүмкүнчүлүгү жетүү, ар бир аракетин контролдой алуу жана кылган ишинин жыйынтыктарына жооп берүү. 

5. Өзүнүн артыкчылык жактары менен кемчилигин аңдап билүү жана аны кабыл алуу. 

6. Стресс болгон жагдайдан кийин калыбына келүү мүмкүндүгүнүн бар болуусу.  

7. Өзү жана өзүнүн мүмкүндүктөрү тууралуу реалдуу билүү. 

8. Коопсуз мамилелерди тандап алууга мүмкүндүгүнүн бар болушу: тиран, кызыл камчы, абьюзер адамдар менен мамиле түзүүдөн алыс болуусу, түгөйүнө “жабыша” бербей ар дайым өзүн эркин алып жүрүүсү.  

9.Этикалык жана моралдык нормаларды түшүнө билүү, өзүнүн жана башкалардын жашоосунун баалуулуктарын аныктай алуу.   

10.Эмоцияга албырбоосу, окуялар курчуган маалда өзүн кармай билүүсү. Мындай жагдайга муздак акылга ээ болуу.   

11. Өзүнүн жүрүм-турумун анализдей алуу, өткөн окуялардан бүтүм чыгара алуу. 

12.Башкалар дагы жеке пикири менен тандоого ээ болору тууралуу түшүнө билүү.  

13. Психологиялык жактан коргонууга ээ болуу жана аны пайдалана билүү.

14.Өзүнүн жеке кызыкчылыктарын коргой билүү.   

15.Жашоо үчүн ар дайым аракет кыла билүү.   

16. Болуп бүткөн кайсы бир ишке өзүнүн күчү келбесин түшүнүүсү, кайгырганды жана капа болуу сезимдерин, уялуу сезимдерин билүү.  

Мунун баары жайында болгон адам психикалык жактан саламаттыгы чың жана эмоциясы туруктуу делип эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/psihikalyk-zhana-emocionaldyk-zhaktan-salamattygy-chy-dep-kandaj-adam-eseptelet



Добавить комментарий