Профессионал мушкер Акжол Сулайманбек уулу АКШда ден соолугун калыбына келтирип жатат
Кыргызстандык кесипкөй мушкер, бокстун WBA Asia түрү боюнча төрт жолку чемпион Акжол Сулайманбек уулу Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) эс алып жатат.
Бул тууралуу ал өзү “barometr.kg” сайтына билдирди. Ал төртүнчү ирет чемпиондук наамды коргогондой кийин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн АКШга барган.
Акжол АКШда кесипкөй бокстун орто оор салмактагы абсолюттук чемпиону Александр Усик менен чогуу бир залда машыккан.
“Төртүнчү ирет чемпиондук наам үчүн болгон беттешке даярдык оор болду. Организмди эс алдырайын деп АКШга келдим. Буюрса эс алып, ден соолукту калыбына келтирип алып, анан машыгууну баштаймын”, - дейт ал.
Эске сала кетсек, Акжол Сулайманбек уулу 24-августта чемпиондук наамды коргоо үчүн венесуэла мушкери Милнер Маркано менен рингге чыккан. Беттештин экинчи бөлүгүндө эле боорду аралаштыра урган кубаттуу соккусу менен атаандашын нокаутка жыгып, жеңип, чемпион бойдон калган.
Акжол учурда Орусиянын Урал аймагындагы RCC Boxing Promotions уюму менен кызматташып келет.
Добавить комментарий ×