Президенттин өкүлү Баткенде митингге чыккандар менен жолугушту. Жолду ачышты

6 август 2021 17:38 1165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин Баткен областындагы өкүлү Абдикарим Алимбаев митингге чыккандар менен жолугушту. Ош - Баткен – Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Белгилүү болгондой бүгүн, 6-августта Лейлек районунун Катран айлынын тургундары Ош - Баткен – Исфана унаа жолун тосуп алышып, өздөрүнүн камакка алынган айылдаштарын бошотууну талап кылышкан.

Алимбаев митингге чыккандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Андан соң жарандар тарап кетишти.

Ошол эле маалда алтын кенинде иштегендерге кол салган жергиликтүү тургундардын аракети мыйзам чегинде чечиле турганын  Алимбаев билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-kl-batkende-mitingge-chykkandar-menen-zholugushtu-zholdu-achyshty



Добавить комментарий