Күйүп жаткан унаанын айдоочусун куткарам деп жаракан алган милиционердин бири каза болду

2 ноябрь 2023 15:37 2044 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция кызматкери күйүп жаткан унаанын айдоочусун өрттөг куткарам деп өзү каза болуп калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Буга чейин, Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз кырсыктап, күйүп баштаганда айдоочуну эки милиция кызматкери куткарып калганы айтылган. 

“27-октябрдв саат 15.30дар чамасында бензовоз Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан учурда кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Д.Шамшиев бензовоздун айдоочусуна өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам бергенде алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жандарын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыздын бирөөсү 30 жаштагы терөөчү О.Акуналиевтин абалы оор бойдон ооруканада. Ал эми милициянын ыкчам кызматкери Д.Шамшиевтин денеси өрттөн көп жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болду” -деп айтылат маалыматта. 

Барометрдин” жамааты ооруканадагы Орозмамат Акуналиевтин абалы турукташып, саламаттыгын бекем болушуна тилектешбиз. Ал эми, каза болгон милиционердин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. 



Ссылка: https://barometr.kg/kjp-zhatkan-unaanyn-ajdoochusun-kutkaram-dep-zharakan-algan-milicionerdin-biri-kaza-bolup-ekinchisi-oor-abalda



Добавить комментарий