Түркмөнстанда президенттин апасы оор абалда ооруканага жаткырылды, дарыгерлер санитар болушууда

23 май 2019 23:13 1168 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат өтө оор абалда ооруканага жаткырылганын Turkmen Yurt TV кабарлады.

Маалыматтарга караганда ал аялдын абалына немис дарыгерлеринин тобу көз салып жатат. Энеси өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду.

Түркмөнстандын дарыгерлери бейтапты кароодо санитарлардын ролун аткарып жатканы кабарланууда. Андан тышкары апасы жаткан палатада Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министри, оорукананын башкы дарыгери жана бөлүм башчысы жүрөт. 

Президенттин энесин дарылоого Ашхабадга Стамбулдагы клиникалардын биринен 7 профессор, анестезиолог-реаниматолог жана физикалык реабилитация адистеринен турган топ учуп келгени маалымдалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-apasy-oor-abalda-oorukanaga-zhatkyryldy-darygerler-sanitar-bolushuuda



Добавить комментарий