Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик башкарууну тездетүүгө тапшырма берди

23 июнь 2018 21:30 1648 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы санариптик башкарууга өтүү боюнча жыйын өткөрүп,  аны тездетүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президент электрондук санариптик башкарууга өтүү өлкөдөгү коррупцияга каршы курөшүүнүн негизги бөлугү экенин айтты. Жыйында 

вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Түндүк" системасынын «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди.

Бул системанын  негизинде электрондук башкарууга 14 мамлекеттик орган кошулганын жана беш мамлекеттик органдын ортосунда өз ара маалымат алмашуу жүрүп жатканын кабарлады жана  "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүдөгү даярдыктар жөнүндө маалымат берди. 

Жээнбеков электрондук башкаруунун так мөөнөтү аныкталып, ар бир мамлекеттик органга баа берилерин эскертти.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардагы электрондук кызмат көрсөтүүгө өтүү боюнча демилгелер көп жылдан бери айтылып келет. Буга чейинки өкмөт “Таза коом” аттуу программа жарыялап, анын алкагында электрондоштуруу иштерин уюштурууну убада кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-sanariptik-bashkaruunu-tezdetg-tapshyrma-berdi



Добавить комментарий