“Чыгармачылык менен алек болом”. Манасчы Дөөлөт Сыдыков партия курамынан чыгып, саясаттан кетти

29 апрель 2023 09:28 1071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү Манасчы  Сыдыков Дөөлөт жана анын жубайы Ырыс Окенова “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынанын курамынан чыкты. Бул тууралуу саясатчы Эмиль Жайчиев соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

 Маалым болгондой, манасчы жубайы менен жарым жыл мурда жогорудагы айтылган партиянын курамына кошулган.

“Тилекке каршы мындан кийин саясаттан алыс болуп, чыгармачылык менен гана алектене тургандыгын билдиришти, Сыдыков Дөөлөт жана Ырыс Окенова “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын курамынан чыгып кетүүгө арызын беришти.

 Дөөлөт иниме мындан кийин саясат болбосо да ар дайым чыгармачылыкта колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар тармактуу салым кошууга биргеликте аракет кылабыз жана жалпы мекендештерди ынтымакка чакырам”, -деп жазды Жайчиев.

Эскерте кетсек, Дөөлөт Сыдыков "Манас айылы" маданий комплексинин директору болуп иштеп турган. Бирок жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу комплекстин жер тилкесинин бир бөлүгү кыскарып кеткендигине нааразы болуп, 5-майда чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгондугун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/manaschy-dlt-sydykov-zhubajy-menen-btn-kyrgyzstan-partiyasynyn-kuramynan-chyguu-aryzyn-berdi



Добавить комментарий