Туйгунаалы Абдраимов тил каттын негизинде бошотулду

21 сентябрь 2021 12:23 1550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областындагы мурдагы өкмөттүн өкүлү Туйгунаалы Абдраимов тил каттын негизинде сурак бергенден кийин бошотулду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Буга чейин атайын кызмат Абдраимов мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын кабарлаган болчу.Мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп ал Бишкек жана Чүй областтарынын аймагынан кымбат бааланган кыймылуу жана кыймылсыз мүлктөрдү жакындарына каттатып алган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Абдраимовдун жакындарында 16 квартира, 18 жер участогу, 2 унаа токтотуучу жай, 5 имарат, 3 дыйкан чарбасы, 16 унаа, ошондой эле “Ысык-Ата” курортунун аймагында курулуп жаткан объектилер катталган.

Абдраимовдун мүлкү 250 миллион сомдон ашык суммага бааланат.

Буга чейин ал ИИМде бийликти басып алууга аракет кылуу иши боюнча суралган.

Ссылка: https://barometr.kg/tujgunaaly-abdraimov-til-kattyn-negizinde-boshotuldu



Добавить комментарий