Панамада президенттикке талапкер саясатчы бара жаткан тик учак кулады

18 август 2022 10:40 1295 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Панаманын президенттигине талапкер Димитри Флорес бараткан тик учак жунглиге кулап түшкөн. Кырсык болгон учур видеого түшүп калган. Бул тууралуу саясатчынын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, учак кырсыгы 17-августта болгон. Саясатчы менен бирге бортто дагы беш адам болгон, алардын баары аман калган.  

Флорес учак кырсыгы тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып, жардам сурап кайрылуу жарыялаган.  

"Биз бул жерде, тоодо 4500 фут бийиктикте кырсыкка кабылдык.  Биз кулаган жер Сейбанын жана Храмильо токойунун алдында кырсыкка кабылдык. Тик учак кулап түштү. Бизге куткаруучуларды жөнөтүп жибериңиздер. Жабырлануучулардын буту, колдору сынган", - деп жазган саясатчы.    

Кийинчерээк, кырсыкка кабылгандарды Панаманын Улуттук авиация жана деңиз кызматынын кызматкерлери таап, эвакуациялап, бардык жабырлануучулар ооруканага жеткиргенин кабарлаган. 
 
 
 
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/panamada-prezidenttikke-talapker-sayasatchy-bara-zhatkan-tik-uchak-kulady



Добавить комментарий