Сооронбай Жээнбеков: мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат

16 май 2020 12:30 680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент ооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы куттуктоосунда кыргыз эли эзелтеден бери энелерге ыйык сезимди, терең сый-урматты ыроолоп келген эл экенин айтты.

"Өлкөбүздүн азыркы жана келечек турмушунда энелердин орду өзгөчө бийик. Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту. Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат. Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем",  - деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстанда энелер күнү май айынын үчүнчү жумасында белгиленет.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-enelerdi-kuttuktady



Добавить комментарий