Президент чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

21 март 2020 11:09 591 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында 21-мартта мамлекеттик органдардын жетекчилери, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңеши өтүп жатат. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана атамекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралып жатат.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус менен күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдерин ишке ашыруу жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулууда.

21-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 12 кишиден вирус табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-chakan-kuramda-koopsuzduk-keeshinin-zhyjynyn-tkrd



Добавить комментарий