Кыргызстанда коронавирус 12 кишиге жукту
Поделиться в:
Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Кыргызстан боюнча короновирус 12 кишиден табылганын маалымат жыйынында билдирди.
“Дагы алты учур катталганы турат. Бирөө Баткенден, бешөө Сузакта”, — деди ал.
Исаков коронавирус аныкталган жарандар кичи ажылыктан келгендер экенин, алардын жаш курагы 45 жаштан 70 жашка чейинкилер экенин кошумчалады.
Буга чейин алты учур катталган болчу. Алардын үчөө Жалал-Абад облусунда болсо, үчөө Ош облусунда катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-12-kishige-zhuktu
Добавить комментарий ×