Премьер-министрдин “кийме” кашы түшүп калып, маскара болду. Видео
Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо журналисттерге пресс-конференция берип жатып, жасалма кашы түшүп кетип, коомчулук арасында шылдың болду.
Интернет колдонуучулар, өкмөт башчысынын сол кашы ордунан жылып баратканын жар салып, “Трюдо “кийме” каш менен жүрөт экен”, -деп аны тамашага айландырышты.
Айрымдар “Джастин Трюдо Дональд Трамптын кийме каштарга карата салык салып жатканына капа” десе, кээ бири “Шашылыш билдирүү! Канаданын атчан полициясы Джастин Трюдонун жоголуп кеткен кашын издөө салат...” - деген сыяктуу какшык ой-пикирлерин калтырышты.
Анткени менен бир катар фото сүрөтчүлөр өкмөт башчынын сүрөтүн анализдеп, кашынын жогору жакта сейрек жана ылдый жакта жыш жайгашып өсөөрүнө акцент коюшууда.
Justin Trudeau is upset because he has found out that Donald Trump is putting up Tariffs on fake eyebrows? pic.twitter.com/Nu3HpmTLAx
— Ross McCulloch (@Rossmac212) 10 июня 2018 г.
Видео бул жерде.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministrdin-kijme-kashy-tshp-kalyp-maskara-boldu-video
Добавить комментарий ×