Ысык-Көлгө Армения премьер-министри Никол Пашинян келди

25 август 2022 14:35 1117 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлгө Армения премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-klg-armeniya-premer-ministri-nikol-pashinyan-keldi



Добавить комментарий