Премьер маалымат катчысынын айткандары үчүн депутат Каныбек Иманалиевден кечирим сурады

5 май 2020 16:25 2002 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Каныбек Иманалиевге телефон чалып, маалымат-катчысы Адилет Султаналиев айткандары үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков билдирди.

Премьер маалымат катчысы  аны менен макулдашпай билдирүү жасаганын айтып, өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирип, кечирим сураган.

“Депутат аны түшүнүү менен кабыл алып, Султаналиевге эч жаман ою жок экенин айтып, бирок, экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, парламент жана өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу керек экендигин айтты”, — деди Жолдошбеков.

Эске салсак, өкмөт башчысынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Каныбек Иманалиевдин экономикалык багыт боюнча парламентте айткан билдирүүсү боюнча өзүнүн пикирин айтып, анда “Нарын дарыяындагы крокодил” деген сөздү кошо билдирген. Буга өз кезегинде парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу кескин пикирин айтып, маалымат катчы Адилет Султаналиевге чара көрүү керектигин айткан. Кийин өкмөт Султаналиевге дисциплинардык чара көрүлгөнүн маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-maalymat-katchysynyn-ajtkandary-chn-deputat-kanybek-imanalievden-kechirim-surady



Добавить комментарий