Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы премьердин маалымат катчысын кечирим суроого чакырды

2 мая 2020 18:45 3705 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиевди кечирим суроого чакырды. Себеби Султаналиев депутат Каныбек Иманалиевди келекелеген. 

"Кечээ күнү Өкмөт башчыбыздын маалымат катчысынын (Адилет Султаналиев) жасаган билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү. "Нарын дарыясындагы крокодил" деген мүнөздөмө эл өкүлү менен өкмөттүн ортосундагы азыркы дискуссияга эч кандай байланышы жок. 

Депутат 30-апрелдеги жыйында өкмөттөн өзү даярдаган токтом долбоорундагы айрым бир кемчиликтерге көңүл бурууну талап кылган. Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи. Жогорку Кеңештин депутатына Премьер-министр токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок эртеси күнү өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан депутатты - эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз.  Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз", - деди Нуракун уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-maalymat-kyzmatynyn-bashchysy-premerdin-maalymat-katchysyn-kechirim-suroogo-chakyrdy



Добавить комментарий