Кыргызстанда калкты каттоо жүргүзүлөт

4 ноябрь 2021 12:10 1904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинети өлкөнүн жалпы калкын жана турак-жай фондун каттоо күнүн аныктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомуна таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Токтомго ылайык, республиканын алыскы аймактарында калкты каттоо  2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт. Ал эми калган аймактарда 2022-жылдын 25-мартынан тартып 3-апрелге чейин өткөрүлөт.

Кыргызстандагы баардык жарандар, өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашап жактан чет элдик жарандар каттоого алынат. Мындан тышкары республиканын аймагындагы турак-жайларга каттоо жүргүзүлөт.

2022-жылдын 31-декарбына чейин каттоо жүргүзүлүшүнө байланыштуу калктуу конуштардын жана көчөлөрүн аттарын кайра алмаштыруу процесси токтотулат.

Эскерте кетсек, жалпы калкты каттоо өткөн жылы болмок. Бирок коронавирустан жана ага байланыштуу локдаундан улам аны белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kalkty-kattoo-zhrgzlt



Добавить комментарий