Помпейден табылган жылкынын калдыгы чоң сырды чечеби?

25 декабрь 2018 18:10 1678 Улукман Бейшеналиев
Бөлүшүү:
ok

Байыркы Помпей шаары жайгашкан аймактагы археологиялык казуу маалында жылкынын калдыктары табылды. Бул тууралуу National Geographic журналы жазып чыккан. 

Болжолу жылкылар араба чегилип, жолго камданышкандай дейт изилдөөчүлөр. Кыязы, бул калдык байыркы Помпей шаарындагы б.з.ч. 79-жылы болгон Везувий вулканы атылган учурга туура келет. Жанар тоонун козголушу шаарды жер менен жексен кылган. 

Археологдор римдик жогорку даражадагы аскер кол башчынын вилласын казып жатып, жылкынын калдыгын таап алышты. Табылган калдыктарга окумуштуулар жаткан жеринде эле гипс куюп жатышат. XIX кылымдагы мындай технологиянын жардамы аркылуу Помпей тургундары өлүм алдында кандай болгонун элестетип көрүүгө болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/pompejden-tabylgan-zhylkynyn-kaldygy-cho-syrdy-chechebi



Добавить комментарий