Перудагы нөшөр жаандан 51 киши мерт кетти. Өлкөдө чукул кырдаал киргизилди
Бөлүшүү:
Перу Өкмөтү өлкөнүн бир катар аймактарында чукул кырдаал жарыялады. Буга нөшөр жаандан 50дөн ашык кишинин өлгөнү себеп болду.
Өкмөттүн токтомуна ылайык чукул кырдаалдар киргизилген аймактардын жергиликтүү бийлиги тобокелчиликтерди азайтуу үчүн Жарандын коргонуу Улуттук институту жана министрлик менен тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.
Бул тууралуу РИА новости булагы жазып чыкты. Буга чейин Перунун түштүк тарабында жер көчкү жана суу каптоодон улам 8 миңден ашуун жаран жапа чеккендиктен чукул кырдаал киргизилгени айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/perudagy-nshr-zhaandan-51-kishi-mert-ketti-lkd-chukul-kyrdaal-kirgizildi
Добавить комментарий ×