Пекинде эркек үй жумуштарын жасаганы үчүн аялына $ 7 миң айып пул төлөйт

25 февраль 2021 09:56 2495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пекиндин соту мурунку күйөөсүн аялы үй-бүлө курганда жасаган үй иштери үчүн 50 000 юань компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, Чен аттуу адам 2020-жылы аялы менен ажырашуу жөнүндө арыз жазган. Жубайлар 2015-жылы баш кошушкан. Эркек киши ажырашууга арыз бергенден кийин, нике учурунда иштебеген аялы беш жыл бою жасаган үй жумуштары үчүн компенсация талап кылган.

Кытайлык аял никедеги беш жылдын ичинде күйөөсү эч кандай үй тиричилигин аткарбагандыгын, ошондой эле экөөнүн баласын кароого жардам бербегенин билдирди. Сот аялдын пайдасына чечим чыгарып, эркек кишини мурдагы аялынын эмгеги үчүн 50 000 юань (7 700 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирди. Чен айына баласына алимент үчүн 2000 юань  төлөп турушу керек.

Белгилей кетсек, жакында эле Кытайда жарандык кодекс күчүнө кирди, ага ылайык, адам ажырашуу учурунда өнөктөшүнөн компенсация талап кыла алат, эгерде ал балдардын негизги камкорчусу болсо, улгайган ата-энесин багып же үй жумуштарынын көпчүлүгүн өзүнө алса компенсация ала алат. Буга чейин, мындай компенсацияны Кытайда сейрек түзүлгөн нике келишими болгондо гана сурай алган.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ошентип, Weibo социалдык тармагынын колдонуучулары соттун чечими менен макул болгон жок. Айрым колдонуучулар компенсациянын көлөмү өтө эле аз деп жазышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/pekindin-turgunu-kp-zhyldar-boyu-j-zhumushtaryn-zhasagany-chn-ayalyna-kompensaciya-tlp-berg-mildettendirildi



Добавить комментарий