Кыргызстанда төрөлгөн боксчу Дмитрий Биволдун жубайы ажырашуусунун себебин айтты

7 июнь 2023 12:30 1100 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда төрөлүп, Орусиянын атынан мушташкан Дмитрий Биволдун жубайы ажырашууларына эмне себеп болгонун айтып берди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун жубайы социалдык тармактагы баракчасына күйөөсү менен ажырашып кеткени тууралуу кеңири айтып берди.

“Ал мени таштап кетти. Биз Дима менен эки ай мурун ажырашканбыз, бирок эмоционалдык жактан төрт ай болду. Мен аны коёо бердиа, кармаган жокмун. Бул менин жашоомдогу эң чечкиндүү жасаган кадамым болду.

Мени ким камсыз кылат? Менимче, буга чейин болгон мүлктүн баары тең экиге бөлүнгөнү эч кимге жашыруун эмес. Димасыз жашоого мен көнүп калдым. Буга чейин да алты ай жалгыз жүрдүм, акыркы бир жылда 10 ай көрүшпөй калдык, жалгыздыкка аябай көнүп калдым. Кээде капаланам, бирок андан да жаман болот деп ойлочумун. Көрсө, мен өзүм ойлогондон да алда канча күчтүү экенмин. Өзүмө таң калдым. Мунун баары кантип болгонун өзүм да түшүнбөйм. Ажырашуу үчүн эч кандай реалдуу себеп болгон эмес.       

Жөн эле кандайдыр бир болбогон нерсе, балким, дагы бир нерсе бардыр. Мен жакшы көргөн адамым менен бирге абдан оор, бирок ошол эле учурда ийгиликтүү 16 жыл жашадым. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Тагдырга ыраазымын.         

Ал үйлөнсө мен ага бактылуулук гана каалайм. Мен өзүм деле турмушка чыгам”, - дейт Екатерина Бивол Instagram баракчасында.            

Биринчи жолу Екатерина апрель айында катталуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, спортчу менен ажырашканын жарыялаган. Анда колдонуучулардын бири Биволдун башка бирөө менен болгон мамилеси ажырашууга себеп болушу мүмкүн деп болжолдоп, бирок мушкердин жубайы бул версияны четке каккан.             

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

"Албетте, жок! Жолдошум андай адам эмес", - деп жазган ал.               

Дмитрий менен Екатерина 16 жашында таанышкан. Жубайлар Санкт-Петербургда жашашкан. Ж              убайлар эки уулдуу тарбиялап жатышкан.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-trlgn-bokschu-dmitrij-bivoldun-zhubajy-azhyrashuusunun-sebebin-ajtty



Добавить комментарий