Түркиянын жогорку соту Орхан Инандыны 21 жылга эркинен ажыратты

16 июнь 2023 18:08 1512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Анкаранын Жогорку Соту эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттарына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 16-июнда сот өкүмүн жарыялап, ага ылайык Орхан Инанды "куралдуу террордук уюмду жетектеген" деп күнөөлүү деп табылды.  

Эске салсак, 2021-жылдын 31-майында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк аны турк күч органдары уурдап кетишкени белгилүү болгон. 2021-жылдын 5-июлунда президент Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик TRT Haber телеканалында ФЕТОнун жогорку лидерлеринин бири делген Орхан Инандынын Кыргызстанда кармалып, Түркияга алып келингенин айткан.     
6-июлда Садыр Жапаров интервью берип, өкмөт Орхан Инандыны Кыргызстанга тезирээк алынып келишин талап кыларын билдирген. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисине нота тапшырып, Инандыны Кыргызстанга кайтарууга чакырган. “Сапат” билим берүү мекемесинин директорунун кош жарандыгы бар экени маалымдалган.      
Анкара сотунун чечими менен Орхан Инанды камакка алынган. Сотто ал милиция бөлүмүндө кантип кыйноого алынганын айтып берген. Башкы прокуратура Орхан Инанды 22 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранган.       

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-zhogorku-sotu-orhan-inandyny-21-zhylga-erkinen-azhyratty



Добавить комментарий