Мэр: Эки-үч күндө баардык абоненттер жылуулукка кошулат

7 октября 2021 12:12 2577 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө 66 котельный иштеп жатат, күз-кыш мезгилин өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда болгон басма сөз жыйынында Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

“Анын 23ү газ менен иштейт, 21и көмүр, 11и электр жана дагы 11и комбинацияланган, алардын баары ремонттон өттү”,-деп айтты мэр.

Калаа башчысы ошондой эле мектептерди, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана жарандардын үйлөрүн жылуулукка кошуу 5-октябрда эле башталганын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө 83 бейтапкананын ичинен 50 оорукана, 94 бала бакчанын ичинен 71 бала бакча, 65 мектептин ичинен 70 пайызы, 2600 үйдөн 1900 үй жылуулукка кошулду.

“2-3 күндүн аралыгында баардык абоненттерди жылытуу системасына кошуу пландалып жатат”,-деп белгиледи мэр.

Ссылка: https://barometr.kg/mer-eki-ch-knd-baardyk-abonentter-zhyluulukka-koshulat



Добавить комментарий