Оштун бир катар райондорунда күндүз эки сааттан электр жарыгы өчүрүлөт

20 ноябрь 2021 13:38 1991 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оштун айрым райондорунда күндүз эки сааттан электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин авариялык жагдайга алып келбеш үчүн, ОшГЭСтин электр жабдууларына күч келтирбеш үчүн таңкы саат 6:00дөн 7:00гө чейин жана кечки 18:00дөн 19:00гө чейин бир катар кварталдарда электр өчүрүлөт.

Тизме:

-Курманжан-Датка кичи району,

-«Амир-Тимур» кичи району, ЮВР-1, Шакиров көчөсү,

-Черемушки (Сулайман-Тоо) кичи району, 126  жана 119 кварталдар,

-Кулатов-Кулатов-1, Кулатов-3, Подгорная (Кокум-Бий), Жийделик, Авиагородок конуштары,

-Анар-Керме-Тоо, Төлөйкан кичи райондору,

-Достук кичи району-195 квартал.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-bir-katar-rajondorunda-kndz-eki-saattan-elektr-zharygy-chrlt



Добавить комментарий