Париждеги жарылуудан жабыркагандардын саны 37 адамга жетти

22 июнь 2023 10:20 599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парижде көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан жаракат алгандардын саны 37ге жетти. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин BFM телеканалына билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Анын айтымында, төрт жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда.  

Ал кошумчалагандай, куткаруучулар имараттын урандылары астында калган дагы эки адамды издөөнү улантышууда.    
Кечээ, 21-июнда Париждин Сен-Жак көчөсүндөгү бешинчи районунда жарылуу болгон. Жарылуудан улам имараттардын биринин фасады урап, өрт чыккан. Өрт коңшу имараттарга да өткөн.     

Париждин вице-мэри Эдуард Сивел Твиттердеги баракчасына өрттүн себеби газдын жарылышы деп жазды.      
Ички иштер министри Жеральд Дарманин өз кезегинде жарылуунун себеби тактала электигин билдирди.     

Ссылка: https://barometr.kg/parizhdegi-zharyluudan-zhabyrkagandardyn-sany-37-adamga-zhetti



Добавить комментарий