Париждеги Эйфель мунарасы туристтер үчүн өз эшигин жапты

21 февраль 2024 13:28 2029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Париждеги атактуу Эйфель мунарасы туристтер үчүн бул аптада эшигин жапты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, туристтердин эң көп келген Эйфел мунарасы кызматкерлердин иш таштоосунан улам бул аптада иштебейт. 

Мындай жапырт иш таштоо декабрдан берки экинчи жолу болуп жатат. 
Эйфель мунарасынын кызматкерлери аталган жайды башкарган жетекчиликтин иш алып баруусун жактырбагандыктан иш таштоодо. 
Жумушчулардын өкүлдөрү болгон профсоюз тейлөөгө кеткен чыгымдарды баалабай, өтө көп билеттерди сатып, кызматкерлерди кыйнап, кардарлардын да, кызматкерлердин да коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын айтышат. 
Ошондой эле, билеттердин кымбатташына байланыштуу жумушчулар айлык акыны жогорулатууну талап кылып жатканы айтылды.

Эйфель мунарасы 19-февралдан тарта жабык. 
Аттракцион бир жума бою жабык бойдон калышы мүмкүн деп күтүлүүдө.

Азырынча мунарага чыгуу мүмкүн эмес. 

Электрондук кирүү билеттери барларга маалымат алуу үчүн электрондук почтасын текшерүү сунушталат.

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндары жайында башталып, расмий ачылыш аземи 26-июлга белгиленген. 
Оюндар маалында Эйфель мунарасынын жумушчулары иш таштайбы же жокпу азырынча белгисиз, бирок оюндарды үзгүлтүккө учурата турган иш таштоолорду болтурбоо үчүн мамлекеттик сектордун кызматкерлерине бонус сунушталды деген имиштер бар.

Биргелешкен билдирүүдө CGT жана FO профсоюздары "Париж мунараны жана аны башкарган компанияны сактап калуу үчүн каржылык талаптарды акылга сыярлык коюушу керек" деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/parizhdegi-ejfel-munarasy-turistter-chn-z-eshigin-zhapty



Добавить комментарий