УКМК: Азамат Дыйканбаев коррупцияга шектелип кармалды

20 май 2021 14:33 3925 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте, бүгүн, 20-майда пара талап кылуу фактысы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- Санариптик өнүгүү министири Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

“20-майда жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эми, жакынкы убакытта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын карайт”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Азмат Дыйканбаев 2021-жылдын 5-майында - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүгүү министри болуп дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/para-talap-kyluu-faktysy-menen-ministr-azamat-dyjkanbaev-karmaldy



Добавить комментарий