Панфилов районунда атышуу болуп, эки адам жаракат алды

27 июль 2021 10:43 851 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областынын Панфилов районунда ок атуудан эки адам жабыркап, бейтапканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, 24-июлда Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага эки жабырлануучу ок атуудан жабыркап жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Алар 1991-жылы туулган И.А., жана 1997-жылы туулган Ш.Т., болгон.

Бул маалыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган.

Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/panfilov-rajonunda-atyshuu-bolup-eki-adam-zharakat-aldy



Добавить комментарий