Памирлик кыргыздар жер жана үй сурап жатышат

22 май 2019 12:18 3442 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын областына көчүп келген памирлик кыргыздар жер жана үй берүүнү суранышууда. Бул боюнча сунуштарын мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жолугушууда билдиришкен.

Алардын айтымында адаптациялык мезгил өттү. Кичине балдары мектептерде, экөө университетте билим алса, айрымдары курстарды аяктады.

«Үч жылда бизге көптөрү жардам берди. Азыр да көмөк көрсөтүп жатышат. Биз ыраазыбыз. Бирок өз алдынча чарба жүргүзгүбүз келет. Бул үчүн бизге үй жана жер керек. Биз бирге жашап, кезеги менен мал карай алабыз. Кайра кайтпайбыз. Кыргызстанда калабыз»,-дешти алар.

Ошондой эле алар Афганистанда калган жакындары менен байланыш татаал болуп жатканын кошумчалашты.

«Жакындар менен байланыш кыйын болуп жатат. Өткөн жылы 18 адам кеткен. Кайра келе албай калышты. Анткени виза алууга мүмкүн эмес. Андан башка да кыйынчылыктар көп”,-дешти алар.

Ссылка: https://barometr.kg/pamirlik-kyrgyzdar-zher-zhana-j-surap-zhatyshat



Добавить комментарий