Памирде жашаган кыргыздарга гуманитардык көмөк көрсөтүлдү
Бөлүшүү:
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Памир кыргыздары климаттык шарттары катаал, бийик тоолуу аймактарда жашашат жана бул аймактарга кыш эрте түшөт.
Памир кыргыздары үчүн азык-түлүктөр алынды, алардын арасында 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4 миң литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кум шекер бар. Бул азыктар аларды кышы менен толук камсыздоого жетет.
Азыркы учурда гуманитардык жүк жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/afgan-kyrgyzdaryna-gumanitardyk-kmk-krstld
Добавить комментарий ×