Бишкектеги «Жанбото Ата» мечитинин имамы памирлик кыргыздарга акчалай жана кийим-кече тапшырды

30 ноябрь 2020 15:25 1924 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Памирлик кыргыздарга жылуу кийимдер жана акчалай жардам берилди. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен алыскы Ооганстандын Памиринен Кыргызстанга көчүп келген үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Камилжан ажынын айтымында, жергиликтүү атын атагысы келбеген жаран кайрымдуулук жардамын көрсөтүүгө кол сунган.   

«Бишкек казыятынын имамдардын «WhatsApp» тобуна памирлик кыргыздарга жардам берүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал сунушту жамаатка айтканыбызда бир добуштан колдоого алышты. Алар менен биргеликте Кара-Балта шаарында жашаган этникалык бир туугандарыбыз жашаган жерги зыярат кылып, колдон келген жардамыбызды берип, жакшы сөздөрдү айтып келдик. Алар биздин бир боорлор. Башкаларга дагы жардам берүүгө чакыра кетем»,-деди Камилжан ажы.

Кайрымдуулук жардамында бир мүшөк жылуу кийим-кече жана 5000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.  

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык казыяты КРнын өкмөтүнүн алдындагы Миграция кызматы менен тыгыз иш алып барып келет. 2016-жылы Памир кыргыздарына гуманитардык жардамды жерине жеткирип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-zhanboto-ata-mechitinin-imamy-pamirlik-kyrgyzdarga-akchalaj-zhana-kijim-keche-tapshyrdy



Добавить комментарий