Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

31 январь 2022 13:22 1135 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Сапардын жүрүшүндө ал Нарын облустук китепканасынын иши менен таанышып, мекеме кызматкерлери менен эмгек акыны төлөө шарттары маселесин талкуулады.

Ошондой эле Эдил Байсалов Нарын облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, бүгүн Ат-Башы райондук аймактык ооруканасына баруусу пландаштырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/edil-bajsalov-naryn-oblusunda-zhumushchu-sapary-menen-zhrt



Добавить комментарий