Пакистандагы полиция бөлүмүндөгү жарылуудан 16 күч кызматкери каза болду

25 апрель 2023 15:19 1901 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пакистанда полиция бөлүмүндө жарылуу болуп 16 күч кызматкери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Пакистандын Кабала шаарындагы антитеррордук департаменттин полиция бөлүмүндө болгон жарылуудан16 адам каза болуп, 60тан ашуун киши жарадар болгон. 

«Эки жарылудан 16 адам шейит болду, дагы 60 киши жарадар болду», - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жардыруулардын кесепетинен полиция бөлүмүнүн имараты толугу менен талкаланган.

 Полициянын маалыматы боюнча, имараттын ичинде ок-дарылар жана минометтор болгон.   
 
 

Тартип сакчылары жарылуу электр тармагындагы кыска туташуудан улам болуп, өрт чыгып, андан кийинки жарылуулар болгон деп эсептешет.    

Ошондой эле кол салуу да болушу мүмкүн экени айтылып, жанкечти жасаганы болжолдонууда.    

Хайбер-Пахтунхва полициясынын башкы инспектору Ахтар Хаят Хан провинциянын бардык аймагында коопсуздук кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өткөнүн билдирди.      
    

Саламаттыкты сактоо департаменти жабырлануучулардын көптүгүнө байланыштуу облустун ооруканаларында өзгөчө кырдаал жарыялады.     

Ссылка: https://barometr.kg/pakistandagy-policiya-blmndg-zharyluudan-16-kch-kyzmatkeri-kaza-boldu



Добавить комментарий