Кой-Таштагы пакистандык студенттер менен мушташка катышкандар кармалды

21 июль 2020 13:23 469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кой-Ташта пакистандык 4 жаранга кол салды деген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

19-июлда болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш. С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А. Х., 1997-жылы туулган Ф. С., 1995-жылы туулган А. И. кайрылган.

Окуя болгон дарекке Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу барышканы менен кылмышкерлер окуя болгон жерден изин сууткан.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э. О.,  Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д. А. менен К. Б. аттуу жарандар кармалды.

Бул факты Аламүдүн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталды. Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Аталган сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жүрүшү ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынды. 


Ссылка: https://barometr.kg/pakistan-zharanyna-kol-salgan-shektulr-karmaldy



Добавить комментарий