Канткенде жаңы жылдык дасторконго акчаны үнөмдүү колдонсо болот?

15 декабрь 2021 12:00 2260 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдыда баарыбыз күткөн жомоктогудай майрам жаңы жыл келе жатат. Жаңы жылдык дасторкон дайындоодо акчаны үнөмдөөнү каалагандардын баарына кандай өнүмдөрдөн баш тартуу керектиги тууралуу “Барометр” атайын кеңештердин топтомун сунуштайт.

Адистердин айтымында, үнөмдөө үчүн эң маанилүү эрежелердин бири - стихиялуу сатып алуулардан баш тартуу. Дүкөнгө барардан мурун эң керектүү товарлардын тизмесин түзүп алганыңыз оң.

Бул кыйла аз сарптоого жана даяр салаттардан баш тартууга жардам берет.

Кардарлардын агымынын көптүгүнөн жана суроо-талаптын жогорулашынан улам, сатуучулар жарамдуулук мөөнөтү аз өнүмдөрдү сизге сатууга аракет кылышат. Ошондой эле, торт жана таттуу даамдарды  сатып албашыңыз керек, анткени жаңы жыл майрамында татуу менен чай ичүүгө убакыт жок болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле, жаңы жыл келерден алдын-алып сатып алуулардын аркасында көп акча үнөмдөсөңүз болот. Декабрь айында сатуучулар көбүнчө бир катар товарлардын бааларын көтөрүшөт. Ушуга байланыштуу, жарактуулук мөөнөтү узак болгон өнүмдөрдү сатып алуу жөнүндө алдын-ала кам көрүүгө болот. Кызыгы, адистер быйыл канаттуулардын баасы түшүп кеткенин байкашкан. Анын негизинде, канаттуулардын эттерин салаттарга, ысык тамактарды бышырууда да колдонсо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/pajdaluu-keesh-kantkende-zhay-zhyldyk-dastorkongo-akchany-nmd-pajdalansa-bolot



Добавить комментарий