Ошто жер силкинди. Жабыркагандар, кыйроолор катталган жок

15 февраль 2019 10:40 1041 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда кечээ күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Кыргыз Республикасынын Улутук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 14-февраль күнү саат 06:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лаглан, Талдык, Тээке, Папан айылдарында  4 баллга, Өзгөн районунун Кара-Шоро айылында 3,5 баллга жана Алай районунун Боз-Караган, Мурдаш, Гүлчө айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zher-silkindi-zhabyrkagandar-kyjroolor-kattalgan-zhok



Добавить комментарий