Ошто «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму» боюнча окуулар өткөрүлдү
КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору облустук, райондук жана Бишкек, Ош шаарларынын Жарандык коргонуунун “Энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө” кызматынын штаб башчылары «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму» боюнча окуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Бул иш-чара премьер-министрдин буйругунун негизинде, Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилген 2020-жылга каралган планга ылайык өткөрүлдү.
Бул окутууну уюштуруунун негизги себеби: Жарандык коргонуучулардын билим деңгээлдерин жогорулатуу, кырсыктын тобокелин төмөндөтүүдөгү иш-чаралар мерчемдерин түзүү, өзгөчө кырдаалдар катталган учурлара калкты жана аймактарды коргоодо өз убагында ар тармактуу жардам көрсөтүү болуп саналат.
Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Ошону менен бирге эле, 2020-жылга карата Жерине барып окутуу мерчеминин негизинде 2020-жылдын 17-февралдан 26-февралына чейин Ош шаарынын калкын табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда өзүн алып жүрүү жана коргоо эрежелери боюнча окуулар өткөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zharandyk-korgonuunun-mamlekettik-tutumu-boyuncha-okuular-tkrld
Добавить комментарий ×