Ошто “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди
Бөлүшүү:
Бүгүн 6-ноябрда Ош шаарында “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди. Анда шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер “Түбөлүк от” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюп, ата-бабаларга куран окушту.
Ал эми башка жетекчилер Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбарларды коюп, эскеришти.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-taryh-zhana-ata-babalardy-esker-kn-belgilendi
Добавить комментарий ×