Ошто студенттер мушташып 16 жаштагы жаран каза болду

21 декабрь 2022 14:20 914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө студенттер мушташып бирөө каза болду.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 16 жаштагы жарандын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

 “20-декабрь күнү саат 21:30 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы № 62 кесиптик лицейдин окуучусу 2006-жылы туулган Э.К., каза болгондугун  Куршаб аймактык ооруканасынан билдиришкен.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.  

20-декабрь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62-кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 3-курстун студенти Өзгөн районунун тургуну 17 жаштагы А.уулу М., аттуу жаран Өзгөн районуну тургуну 16 жаштагы Э.К аттуу жаранды муштуму менен көкүрөк жагына  уруп жибергенде  эс учун жоготуп окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон.

Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.Бул кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда  териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-studentter-mushtashyp-16-zhashtagy-zharan-kaza-boldu



Добавить комментарий