Ошто суу түтүгүн оңдоп жаткан 4 жаранды топурак басып калып, бир адам көз жумду (Сүрөт)

11 июль 2020 10:18 563 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 10-июлда Ош шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калды. Жерине Ош шаардык ӨКМ башкармалыгынан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, тартылып, 3 адамды куткарылып, 1 адам каза болду. Жабыркагандар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди, абалдары туруктуу.

Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси ИИМ кызматына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kyrsyktan-1-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий