Ошто коомдук транспорт токтотулат. Себеби айтылды

20 март 2020 14:57 1933 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында коомдук транспорт токтотула турганын коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

“Бүгүн, 20-марттан тарта Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтотулат! Көчөгө чыкпаңыздар! Алдын алуу иштери уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда акыркы маалыматтар боюнча алты кишиден коронавирус табылды. Алар Оштун Ноокат жана Жалал-Абаддын Сузак району.

Андан сырткары обсервацияга 400дөн ашык киши алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-koomduk-transport-toktotulat-sebebi-ajtyldy



Добавить комментарий