Ошто илбирстин үч терисин сатып жаткан жаран кармалды

19 апрель 2021 13:55 6325 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"КРнын УКМК экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныкталды. 

Такталгандай, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстандын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам  кармалды.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ilbirstin-ch-terisin-satyp-zhatkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий