Ошто эт азыктарын кайра иштетүүчү комбинат ачылды

5 декабрь 2018 15:02 946 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 4-декабрда Ош шаарында эт азыктарын кайра иштетүүчү эт комбинаты ачылды. Комбинаттын расмий ачылышы шаар жетекчилигинин катышуусунда болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комбинат эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу кызмат тейлөө кызматын көрсөтөтүү менен бирге ветеринардык жана санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын экспорттойт. Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө. Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган. Учурда шканада 60 жумушчу эмгектенип жатат.

«Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү малдар, 300 баш кой, эчкилер союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 миллион 280 миң сомду түзөт», -деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/oshto-et-azyktaryn-kajra-ishtetch-kombinat-achyldy



Добавить комментарий