Ошто эркек киши жубайын 500 сом үчүн өлтүрүп кылмышты жашыруу үчүн денесин 2 күн үйдө кармаган

25 февраль 2019 21:58 1478 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ошто эркек киши жубайын 500 сом үчүн сабап өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкамалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну, 1973-жылы туулган Э.А. ѳзүнүн аялы 1984-жылы туулган М,Г. менен ушул жылдын саат 18.00 чамаларында чырдаша кетип, аны ур-токмокко алган. Натыйжада, жабырланган аялы оор абалда диванга жаткан боюнча турбай, каза болгон. Ѳз түшүндүрмѳсүндѳ кылмышка шектүү Э.А. аялы ошол күнү апасынан 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана келгенде ал акчаны эмнеге коротконун сураса- айтпагандыгын, мас абалда келгендигинен улам жаңжал чыгып кетип, ургандыгын айткан.

Аялы 19-февралда каза болуп калса дагы, тез жардам кызматын, милиция органдарын чакырган эмес. Каза болгон аял тууралуу оперативдүү маалымат 21-февраль күнү Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Э.А.нын туугандарынан алынып, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маалыматтын чын экендигине күбѳ болушкан.

Кылмышка шектүүдѳн эмне себептен аялынын ѳлүмү тууралуу тиешелүү органдарга маалымат бербестен,эки күн ѳткѳрүп, жансыз денени жаткан жерине калтырып койгондугун сураган учурда, «грипп болуп ооруп, билдиргенге мүмкүнчүлүгү болбой калгандыгы» менен түшүндүрдү.

Учурда Ош ШИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан КР жазык кодексинин 138-беренесинин 3-б.1-п. негизинде кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Тиешелуу экспертизалар дайындалды.

Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү тергѳѳ мѳѳнѳтү аяктаганга чейин 2 ай абакта кармоого 23-февраль күнү чечим чыгарган.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-erkek-kishi-zhubajyn-500-som-chn-ltrp-kylmyshty-zhashyruu-chn-denesin-2-kn-jd-karmagan



Добавить комментарий